Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

Өрт кырсыгы дагы эки адамдын өмүрүн жалмады

Чүйдүн Сокулук районунда өрт кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Сокулук айылындагы жер тамдардын биринде кечээ,18-январда күндүз өрт чыккан. Себеби такталуда.

Кырсык болгон жерден үй ээси, 65 жаштагы Галина Михееванын жана болжол менен 60-64 жаштагы аты-жөнү белгисиз дагы бир аялдын сөөгү табылды.

17-январда да Бишкекте өрт кырсыгы чыккан жерден үй ээси, 82 жаштагы Раиса Бурлуцкая жана уулу, 55 жаштагы Евгений Бурлуцкийдин сөөгү табылган.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды.(RK)

XS
SM
MD
LG