Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Коопсуздук маселеси Жогорку Кеңеште жабык талкууланууда


Ушу тапта Жогорку Кеңештин тиешелүү эки комитети биргелешкен жыйын куруп, өлкөдөгү коопсуздук маселесин жабык талкуулап жатат. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөш комитеттеринин депутаттары терроризмге жана экстремизмге каршы иш-аракеттер, өлкөдөгү жана аймактагы жалпы абалды талкуулоодо.

Жыйынга Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Абдил Сегизбаев, ички иштер министри Мелис Турганбаев, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаров жана башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда.

Журналисттерге жыйынга катышууга уруксат берилген жок. Аларды баяндамалар бөлүгүнө катыштыруу сунушуна УКМК башчысы каршы чыгып, ишти жабык улантуу чечими кабыл алынды. (SDz/RK)

XS
SM
MD
LG