Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны дагы эле көп болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динагүл Оторбаева билдирди.
- Былтыркы жылдын 3-жумасына караганда быйыл жыл башынан берки 3-апта ичинде оорунун деңгээли 1,9 эсе көп болду. Бирок ооруканага жаткырылгандардын саны азайып, көбү жашаган жериндеги бейтапканаларга гана кайрылууда. Бул түшүндүрүү иштеринен улам болуп жатат деп ойлойбуз, - дейт Оторбаева.
Адистин билдиргенине караганда, өткөн жумада сасык тумоо менен катталгандардын саны 6 миңге жетти. Былтыр 3 миңдин тегерегинде болгон. Бул оорунун айынан каза тапкандар болгон жок. (RK)