Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Жалал-Абад ОИИБ: Кампадагы курал коромжусуз турат


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын курал-жарак сакталган кампасы коромжуга учураган жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Азаттыктын” күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарынын билдиришинче, кампанын ага инспектору Бөрүбай Райымбеков 17-январда камакка алынды. Анын үйүн тинткенде бир тапанча табылган. Райымбеков азыр Ош шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында отурат. Бирок УКМК азырынча бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартууда.

Маалыматка караганда, Райымбеков өткөн аптада Базар-Коргон районунда табылган ири өлчөмдөгү ок-дары, куралга, аларды сатууга тиешеси бар деп шектелүүдө. Окуяны учурда УКМК териштирип жатат.

Атайын кызмат 14-январда Базар-Коргондо гранатомет дүрмөтү жана 5,45 жана 7,62 мм калибрдеги алты миңден ашуун ок табылганын кабарлаган.

Бул факт боюнча Сирияга согушка барып келген деген, былтыр жайында Бишкекте атайын операцияда жок кылынган террорчул топко тиешеси бар деп шектелген бир адам камакка алынган.

Айрым маалыматтарга караганда, былтыр Бишкектин 8-кичи районунда каза тапкан Октябрь райондук милициясынын кызматкери, маркум Актилек Абдувалиев Базар-Коргондо табылган куралдан атып өлтүрүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG