Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Акыйкатчы аппаратынын структурасы өзгөрөт


Кыргызстандын акыйкатчысынын ишин тейлеген структурада айрым өзгөрүүлөр болот. Бул тууралуу бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча өкүлү Элизабет де Кошта менен жолугушууда акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.

Акыйкатчы көпчүлүк кыргызстандыктар прокуратура жана сот органдарынын ишине нааразы экенин, жаңы конуштардын жана алыскы аймактардын элинин таза суу, электр энергиясы жана сапаттуу медициналык тейлөө, билим берүүгө жете албай жатканы да көйгөй экенин айтты.

БУУ өкүлү жарандардын укугун коргоо багытында ишти күчөтүүгө, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуучу семинарларды өткөрүүгө жардам көрсөтүлөрүн айтты.

Жогорку Кеңеш Кубат Оторбаевди акыйкатчы кылып өткөн жылдын этегинде шайлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG