Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаш ишкерлердин идеясын ишке ашырууга көмөктөшкөн “Бизнес клуб” долбоору башталды. Анын алкагында ар бир аймактан 3-5 бизнес-идеянын авторлоруна 150 миң сомго чейин колдоо көрсөтүлөт. Долбоорду ишке ашырып жаткан Youth of Osh коомдук бирикмесинен билдиришкендей, өткөн жылдын соңунда бизнес-идеяларга сынак жарыяланып, комиссиянын кароосуна 500дөй арыз келип түшкөн. Экинчи турга өткөн 100дөн ашык катышуучуларга ишкердик жаатында окутуулар башталды.
Алардын мыктылары марттын аягында аныкталып, 18 улан-кызга өзүнүн бизнес идеясын ишке ашырууга жардам берилет.
Долбоорду Улуу Британиянын элчилиги, ЮНИСЕФ, Швейцария өкмөтү жана Ага-Хан уюму каржылык колдоого алган. (SE)