Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Азербайжандын парламенти кризисти жоюу чараларын бекитти


Азербайжанда баалардын кескин жогорулашына байланыштуу нааразылык чыккан. 
Азербайжанда баалардын кескин жогорулашына байланыштуу нааразылык чыккан. 

Мунайдын баасынын кескин төмөн түшүп кеткени Азербайжандын улуттук валютасынын кунсузданышына алып келип, өлкө экономикасында төмөндөөнү күчөткөн. Буга байланыштуу Азербайжанда баалардын кескин жогорулашына карата калктын нааразылыгы чыккан. Азербайжандын парламенти өлкөдөгү каржылык жана экономикалык капсалаңды жөнгө салуу үчүн Борбордук банктын жетекчиси Эльман Рустамов сунуштаган бир катар чараларды бекитти.

Азербайжандын кризиске каршы планы чет элдик валютаны өлкөдөн алып чыгуу үчүн 20 пайыздык пошлина киргизүүнү ичине камтыйт. “Валюталык жөнгө салуу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген бул өзгөртүүлөр чет өлкөдө дарыланууга, билим алууга жана укук коргоо органдарынын иш сапарларын камсыздоого кеткен чыгымдарга тиешеси жок. Мыйзамга өзгөртүүлөр чет өлкөгө инвестиция жасоо үчүн каражатын сыртка алып чыгууну каалаган ишкер чөйрөгө багытталганы белгиленди.

XS
SM
MD
LG