Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:10

Жарандык активист беларус элчилигинин жанына чырым орнотот


Токтонасыров буга чейинки акциялардын биринде Лукашенконун сөлөкөтүн өрттөгөн.
Токтонасыров буга чейинки акциялардын биринде Лукашенконун сөлөкөтүн өрттөгөн.

Жарандык активист Өндүруш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Беларус элчилигинин жанына кезектеги акцияга чыгып, христиандардын мүрзөсүнө коюлчу чырым орнотот. Бул тууралуу “Азаттыкка” активист өзү кабарлап, муну Беларус президенти Александр Лукашенконун Кыргызстанга карата кенебес мамилесине жооп деп сыпаттады.

Токтонасыров 2010-жылдан бери ар кандай акцияларды өткөрүп, Минскиде баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү талабын коюп келет.

2010-жылдагы ыңкылапта Курманбек Бакиев өлкөдөн качып кетип, Беларустан башпаанек тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG