Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Ошто "Аманбанктын" эки кызматкери ири каржылык кылмышка шектелүүдө


"Аманбанк" кыргыз-орус банкынын Оштогу филиалынын эки кызматкери ири өлчөмдөгү арам акчаны мыйзамдаштырууга аракет жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Кылмышка шектүү кызматкерлер Кыргызстанга аткезчилик жол менен алынып келинген акчаны чет өлкөлөргө жөнөтүп турган деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматына караганда, 2014-жылдын январь-октябрь айларында жасалма документ боюнча Кытайга жана Латвияга 4,5 миллиард сом жөнөтүлгөн. Бирок бир да тыйын салык төлөнгөн эмес.

15-январда Улуттук банк «Аманбанкка» 3 айга түз көзөмөл режимин киргизген болчу. Бул чечим банктын каржылык абалын дыкат текшерүү, аманатчылар менен кредиторлордун кызыкчылыгын коргоо үчүн ишине мониторинг жүргүзүү максатында кабыл алынганы айтылган.

Учурда банк кадимки тартипте иштеп жатат.

Түз көзөмөл режиминин киргизилиши Оштогу мыйзам бузуу фактысы менен байланышы барбы же жокпу, Улуттук банк азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG