Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Москвада кыргыз мигранттарынын 17 коомдук уюму иштөөдө


Учурда Москвада кыргызстандык мигранттар түзгөн 17 коомдук уюм иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында айтылды.

Жогорку Кеңештин талкуусуна Бишкекте Орусиянын, ал эми Москвада Кыргызстандын Илим жана маданият үйлөрүн ачуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору коюлду. Ага орус тараптын сунушу менен 2011-жылы эле кол коюлган. Бирок каражат маселеси чечилбегендиктен иш токтоп турган.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, өкмөттө акча азыр деле жок. Бирок эгер ратификация болсо Москвада Кыргыз маданиятынын үйүн ачууга ошол жактагы мигранттар каржылык жардам көрсөтүүгө даяр болууда.

Бейрасмий маалымат боюнча, учурда Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 1 миллионго жетет. (RK)

XS
SM
MD
LG