Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 08:17

Жогорку Кеңеш ГЭСтер боюнча денонсацияны талкуулоодо


Парламент ушу тапта Орусия убада кылган ГЭС куруу боюнча макулдашууну денонсациялоо маселесин талкуулап жатат. Экономика министрлигинин өкүлү депутаттарга маалымат берди. Эл өкүлдөрү ага суроолорун берип, жалпысынан денонсацияга макул экенин, бирок компенсация маселеси кандай чечилери анык болбой жатканын айтууда.

2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлган.

Кыргыз тарап өз милдетин толук аткарып, бирок орус тараптан иш жылбай жатканын айтып, макулдашуудан чыгууну чечкен. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG