Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

"Республика - Ата-Журт": ГЭС боюнча Орусияга юридикалык да баа берүү керек


Орусия убада кылган ГЭС куруу макулдашуусун денонсациялоо үчүн кыргыз тарап экономикалык гана эмес, юридикалык да негиздеме бериши керек. Бул тууралуу бүгүн парламентте талкуу учурунда "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

- Эл аралык арбитражда каралып калышы мүмкүн. Орус тарап 2,5% боюнча аткарган жок, техника-экономикалык негиздеме боюнча да аткарылбай калды. Дагы үч маселеде алар тараптан бузуу болгон.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу тууралуу макулдашуу кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосунда 2012-жылы кабыл алынган. Бирок кыргыз тарап Орусиянын айынан иш жылбай жатканын айтып макулдашууну денонсацияламай болуп жатат. Буга чейин тиешелүү документ парламенттин комитеттеринде жана фракцияларында каралган. Бүгүн жалпы жыйында талкууланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG