21-январда Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында бир аз кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жок. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -5...-10, түндүгүндө -10...-15, күндүз 2...7, түндүк тарабында -3...+2,
Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7,
Баткенде түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -6...-11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -13...-18.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 3…5.