Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

КМШ лидерлеринин юбилейлик саммити күзүндө Бишкекте өтөт


Быйыл 16-сентябрда Бишкекте КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммити өтөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Шериктештиктин 25 жылдык юбилейине байланыштуу президенттер Билдирүү жасайт.

Бүгүн ТИМде аталган иш-чарага даярдык талкууланды. Президенттердин жыйынына чейин башкы дипломаттардын жана өкмөт башчылардын саммити өтөрү айтылды.

КМШ уюмундагы төрагалык Кыргызстанга кезек боюнча Тажикстандан былтыр октябрда өткөн.

Быйылкы жыл уюм алкагында Билим жылы деп жарыяланган.

Шериктештиктин курамында мурдагы СССРге кирген Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина бар. (RK)

XS
SM
MD
LG