Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

ИМ тобу Иракта үч жарым миңдей кишини кулчулукта кармоодо


Улуттар уюмунун Ирактагы миссиясы менен Адам укуктары боюнча жогорку комиссарияты шейшембинин кечинде жарыялаган баяндамада "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу кулчулукта кармаган үч жарым миң адамдын арасында аялдар жана балдар да бардыгы айтылат. "Радикал топтун мындай аракеттерин согуш кылмыштары, адамзатка каршы кылмыш, а түгүл геноцид деп бааласа болот. Жихадчылар кыз-келиндер менен жеткинчектерди сексуалдык кул катары пайдаланууда", - деген доклад авторлору ошол эле маалда Ирактын өкмөттүк күчтөрү, күрттөрдүн пешмерга кошуундары да жай тургундарды өлтүргөн, уурдаган учурлар болгонун белгилешкен.

Баяндамадагы маалыматка караганда, 2014-жылдын январынан былтыркы октябрга чейин Иракта ар кандай зордук-зобундан 19 миңдей жайкын кишинин өмүрү кыйылган, 36 миңден ашууну жарадар болгон. Качкындар боюнча жогорку комиссардын өкүлү Равина Шамдасани өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүндүгүн билдирди. Келтирилген маалыматтар запкы көргөндөр, андай окуяларды өз башынан кечирген ирактыктар же күбөлөрдүн айтып бергендерине негизделген.

XS
SM
MD
LG