Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:47

Казакстандын эски баш калаасында бүгүн ипотекалык насыяга үй алып, карызын төлөй албай калган ондогон адам "Казкоммерцбанктын" имараты жайгашкан көчөдө жүрүш жасап, нааразылык акциясын өткөрдү. Алар көзү гана көрүнгүдөй кара-сур матаны чүмкөнүп, бул банктардын кардарларга жасаган "суз" мамилеси менен символдоштурулганын айтышты.

Банктын жетекчилиги жолугушуусун талап кылгандарга бир кызматкер чыгып, талаптарын жазуу түрүндө беришин суранды. Бирок акцияга чыккандар "Төрага, сыртка чык!" деп кыйкырып турушту. Алар теңгенин куну түшүп кеткендиктен карызын төлөй албай калганын айтышып, келишим шарттарын өзгзртүүнү талап кылышууда. Анын бири - карызды теңгенин 2015-жылдын январындагы курсу менен эсептөө. Ал кезде бир доллар 183 теңгеге барабар эле. Бүгүн болсо бир доллар 380 долларга чыгып кетти.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG