Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ 3500дөн ашуун адамды кул катары кармап турат. Алардын көбү улгайган кишилер, аялдар жана балдар. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун 19-январда жарыяланган баяндамасында айтылат.
Ирактын түндүгүндө жана Сириянын чыгыш бөлүгүндөгү аймактарды көзөмөлдөп турган Даиш согушкерлеринин зомбулугунан соңку эки жылда 20 миңге чукул адам набыт кетти.(SE)