Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Депутаттар ЖК вице-спикери Алимбековду регламент бузулушуна айыптоодо


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кечээ сунушталып, бирок каралбай калган маселелер үчүн жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Нурбек Алимбековго нааразылыгын айтууда. Алардын пикиринде, Алимбеков кечээ өзү да каттоодон өтпөй коюп, кворум камсыздалбай, сунушталган маселелер каралбай калды.

Кечээ, 20-январда жалпы жыйында мандат талашып жаткан депутаттар боюнча Боршайкомдун, Кара-Балтадагы "Жунда" мунай заводунда иш токтоп калышына байланыштуу Каржы полициясынын маалыматын угуу талабы коюлуп, бирок кворум жоктугунан улам депутаттар эрте эле тарап кеткен болчу.

Бирок айрым эл өкүлдөрү кворум чогулбай жатканында вице-спикердин күнөөсү жоктугун, ар бир депутаттын өз эрки экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG