Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

"Жунда" заводундагы абал парламентте талкууланат


Кара-Балтадагы "Жунда" мунай иштетүүчү заводунда түзүлгөн абалды Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн талкуулайт. Мындай чечим бүгүн жалпы жыйында кабыл алынды.

Кечээ депутат Кожобек Рыспаев Каржы полициясынын чечими менен ишкана төрт күндөн бери токтоп турганын, 600-700 киши ишсиз калганын айткан болчу.

Ал эми ишкананын жетекчи орун басары Ю Шан Лин 54 миллион сом салык төлөбөгөнү үчүн 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга тергөө абагына камалганы маалымдалды.

Бүгүн депутаттар бул маселе боюнча Каржы полициясынын маалыматын укмай болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG