Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

"Ата Мекен" "Кумтөрдүн" PR чыгашасын ачыктоону талап кылууда


Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы «Кумтөр Голд Компанинин» прессада PR макалаларды жайгаштырууга кеткен чыгымы тууралуу маалымат берүүнү талап кылып өкмөткө жана УКМКга кайрылды.

Фракция маалымат агенттиктердин биринин талабына таянып соңку 5 жыл ичинде компания кайсы массалык маалымат каражаттары менен кандай суммага келишим түзгөнү жөнүндө маалыматты ачыктоону суранды.

"Ата Мекендин" белгилешинче, канадалык "Центерра" компаниясы менен түзүлгөн келишим коррупциялык мүнөзгө ээ жана бул тууралуу ачык айтып чыккандарга каршы прессада атайын даярдалган маалыматтык чабуул жасалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG