Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Нарында протестчилер мөөнөтсүз митингге чыкканы жатат


2015-жылдын жайында Нарындын облустук ооруканасынын дарыгерлери айлыкка байланыштуу нааразылыкка чыккан
2015-жылдын жайында Нарындын облустук ооруканасынын дарыгерлери айлыкка байланыштуу нааразылыкка чыккан

Бүгүн Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залына 100дөн ашык киши нааразылык жыйынга чогулду. Алардын басымдуу бөлүгү бюджеттик мекеменин жетекчилери жана активисттер. Анда бийик тоолуу жана барууга жолу катаал аймакта иштегендер үчүн маянасына кошулчу үстөк акчанын кыскарышы тууралуу сөз болду. Жыйынга келгендер бул мыйзам туура эмес деп, жогорку бийлик өкүлдөрү келип тоолуктарга түшүндүрмө берүүсүн талап кылышты. Ошондой эле алар мөөнөтсүз нааразылык акция да уюштурарын айтышты.

Татаал шарттагы аймактарда иштеген бюджеттик кызматкерлердин маянасына кошулуп берилчү 50% үстөк акыны кыскартуу боюнча Жогорку Кеңешке былтыр жоюлуп кеткен Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги сунуш киргизген. Аны эми Социалдык өнүгүү министрлиги да колдоп, Жогорку Кеңештин талкуусуна коюу алдында турат.

Эки күн мурун бул мыйзамдын долбоору менен түшүндүрүү үчүн социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зуурабүбү Каденова Нарынга келип кеткен болчу (MiK)

XS
SM
MD
LG