Кара-Балтадагы кыргыз-кытай "Жунда" мунай иштетүүчү заводу 11-январдан бери иштебей турат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ишкананын кесиптик кошуунунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 11-январда Каржы полициясы заводдун башкы пультун чаптап кеткен. Ошондон бери иш токтоп турат, ал эми 500дөн ашуун жумушчу күнүгө келип-кеткени менен айлык маселеси кандай чечилери белгисиз бойдон калууда.
Салык кызматынын "Жунда" салык төлөбөй, кирешесин жашырууда деген арызынын негизинде Каржы полициясы иш козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат. Ишкананын жетекчи орун басары Ю Шан Лин өлкөдөн чыгып кетиши ыктымал деген негизде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 17-январда эки айга камалды.
Ишкана өкүлдөрү 13-20-январь аралыгында 16 миллион сомдук чыгымга учураганын айтса, текшерүүчү органдар 1 миллион сомдун тегерегинде гана экенин билдирүүдө. (AzK/RK)