Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Пакистан аза күтүүдө


Бача Хан университети жайгашкан Чарсадда шаарында кол салуунун курмандыктарын акыркы сапарга узатып жатышат. 21-январь, 2015-жыл.
Бача Хан университети жайгашкан Чарсадда шаарында кол салуунун курмандыктарын акыркы сапарга узатып жатышат. 21-январь, 2015-жыл.

Мындан улам Пакистан парламентинде жана башка расмий имараттарда желектер ылдый түшүрүлдү. Полиция өлкө боюнча мектептерде коопсуздук чараларын күчөттү.

Хайбер Пахтунхва провинциясындагы Бача Хан университетине жасалган куралдуу кол салуудан өлгөн студенттер менен мугалимдердин саны бүгүн 21ге жетти.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти исламчыл согушкерлердин Пакистандагы "Талибан" кыймылынан бөлүнүп чыккан тобу алды.

Бул окуя былтыр Пешевар шаарындагы мектепте болгон кыргынды эске салды.

Анда "Талибандын" чабуулунан мектеп окуучулар менен мугалимдерди кошкондо 140тан ашуун киши мерт болгон эле. (UE)

XS
SM
MD
LG