Линктер

дүйшөмбү, 22-май, 2017 Бишкек убактысы 21:45

Мындай бүтүмдү АКШнын илимий мекемелери чыгарышты. АКШнын НАСА космос агенттиги менен Океандын атмосферасы боюнча улуттук администрациянын 20-январдагы жарыясына караганда, 2015-жылы аба температурасы акыркы 136 жылдагы каттоосундагы эң ысык жыл болду.

Башкача айтканда, жер шаарындагы орточо температура биринчи ирет индустриалдык доорго, 1880 - 1899-жылдарга чейинки көрсөткүчтөн 1 цельсий градуска жогорулады.

АКШнын өкмөттүк эки мекемесинин илимпоздору глобалдык жылуулуктун себептери катары адам ишмердигин жана океандагы Эль-Ниньо көрүнүшүн аташкан.

Метеорологдор менен экологдор жаратылыштын дүйнөдөгү эң ири мухит - Тынч океан үстүнө жылуу суу көтөрүлүп, ал Эквадорду бойлой Американы көздөй тарап, ага катар Жер планетасынын башка көптөгөн аймактардагы климатка таасир берген көрүнүшүн Эль-Ниньо (El Nino) деп атап коюшат.

Буга дейре 2015 эң ысык жыл болгону тууралуу Жапония, Британия илимпоздору жана Метеорология боюнча дүйнөлүк уюм да билдирген эле. (UE)

XS
SM
MD
LG