Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Түрк ишкерлери кыргызстандыктар менен тажрыйбаларын бөлүшүүдө


Бүгүн, 21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму өтүүдө. 
Бүгүн, 21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму өтүүдө. 

Кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында Кыргызстандан барган ишкерлерге түрк тарап өздөрүнүн орто жана чакан ишкердикти колдоо тажрыйбасын айтып берүүдө

Ушу тапта Түркиянын Орто жана чакан ишкерлерди колдоо жана өнүктүрүү башкармалыгы кыргыз ишкерлеринин суроолоруна жооп берип жатат. Түркиядагы ишкерлер, эрежеге ылайык, өлкөнүн Соода жана өнөр жай палатасына мүчө болмоюнча иш жүргүзө алышпайт. Учурда бул палатага 1,2 млн. адам мүчө.

Түркиянын мыйзамдары боюнча он жумушчусу бар ишкана кичи, жүз кишиге чейин чакан, 250гө чейин жумушчусу бар ишкана орто бизнес деп саналат. Ишканалар ушул көрсөткүчтөр менен иш алып барат жана ушуга жараша мамлекеттен колдоо алат.

Бүгүн, 21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму өтүүдө.

XS
SM
MD
LG