Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкандар катуу жазаланат


Украина желеги.
Украина желеги.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн өзбек жарандары 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу расмий Ташкендин эскертүүсүндө айтылат.

Украинадагы Өзбекстандын элчилиги билдиргендей, эки жаатка бөлүнүп, салгылашып жаткан өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин катарында өзбекстандыктардын да бар экени аныкталды. Бирок, алардын так саны белгисиз.

Өзбек бийлиги өлкөнүн Кылмыш кодексинде чет мамлекеттерде куралдуу чыр-чатактар менен согуштук аракеттерге жалданып барууга жана катышууга тыюу салган. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG