Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Орусияда бир доллар 85 рублдан ашты


Орус акчасынын кунунун качышы бейшемби күнү да уланды. Москванын валюта базарындагы соодада бул күнү бир доллар 85,99, бир евро 93,7 рублга чейин чыкты.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков валютагы базарындагы соңку кырдаалды комментарийлеп, аны “кыйроо эмес” деп мүнөздөдү.

Рублдин азыркы нарксыздануусунун негизги себептеринин бири катары кара майдын баасынын улам арзандап жатышы аталууда. Мунайдын бир баррели азыр 28 долларга чейин түшүп калды. Бул - акыркы он эки жылдагы эң төмөнкү баа. (UE)

XS
SM
MD
LG