Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Нарын облусунда мечиттердин 60% мыйзамсыз иштөөдө


Бүгүнкү күндө Нарын облусундагы мечиттердин 60% өз ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Руслан Осмоналиев билдирди. Анын айтымында жалпы 147 мечиттин 82си Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттодон өткөн эмес.

- Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамына ылайык бул каттоодон өтпөгөн мечиттерди диний уюм катары мыйзамдаштыруу багытында бир катар сунуштар жиберилди, мечиттер каттоодон өтпөгөндөн кийин алардын иши мыйзамсыз деп эсептелет,- деди Осмоналиев.

Ошондой эле облустун аймагындагы намазканалардын ишмердүүлүгү боюнча милицияда талкуу болуп, экөө жабылган. Учурда Нарын жергесинде 31 намазкана бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG