Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

Канадада мектепте атылган октон төрт киши набыт болду


Дагы эки киши оор жарадар болгон. Окуя Канаданын Саскачеван провинциясындагы Ла-Лош кыштагынын мектебинде болгон. Ок чыгарган киши кармалганы айтылууда. Маалыматтарга караганда, ок чыгарган мектеп окуучуларынын бири, ал эми ок жегендердин бири мугалим, бири окуучу. Дагы экөө анын туугандары. Азырынча окуучу неге ок чыгарганы белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам мектептен башка жерде да ок чыгарганы аныкталды.

Давос форумуна катышып жаткан Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жабырлангандар менен курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Ок атышуу болгон Ла-Лош поселогунда эки миңден ашыгыраак калк жашайт.

XS
SM
MD
LG