Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам берүү максатында кайрымдуулук иш-чарасын баштады. Казыяттын басма сөз кызматы маалымдагандай, 23-январда Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажитов борбор калаадагы бардык мечиттердин имамдарына бул иш боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Маалыматка ылайык, памирлик кыргыздарга жардам берүүнү каалагандар акчалай, кийим-кече же болбосо тамак-аш түрүндө да колдоо көрсөтө алышат.
Учурда борбор калаадагы ар бир мечитте бул акция боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ал эми элден келип түшкөн жардамдарды жыйноо үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде отурукташкан кыргыздардын болжолдуу саны эки миңдей киши экени айтылып келет. Бирок айрым маалыматтар боюнча, памирлик кыргыздардын саны кескин азаюуда, азыр жети жүздүн тегерегинде гана. Себеби, аймактын климаттык шарты катаал, жашоо деңгээли төмөн.(ZKo)