Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 06:15

Киевде чечен диаспорасы орус элчилигинин жанында пикет өткөрдү


Киевде чечендер өткөргөн пикет. 23-январь, 2016-жыл.

Украина баш калаасында чечен диаспорасынын өкүлдөрү ишемби күнү Орусиянын элчилигинин жанында пикет өткөрүштү. “Америка үнү” радиосунун орус кызматы билдиргендей, алар “Чеченстанда жана Кавказда Кремл режимин токтотууну” талап кылышты. Аларга Крым татарлары межилисинин төрагасы, эл депутаты Рефат Чубаров да кошулуп, Орусия мурунку СССРден бөлүнүп чыккан Украина, Грузия, Молдова жана Балтика мамлекеттерине таасир көрсөтүүсүн токтотушу керектигин билдирди.

Акцияны европалык чечен дисапорасы уюштурганы, орус оппозициясына тиешеси жок экени кабарланды.

Митингчилер талаптары жазылган катты орус президенти Владимир Путинге жолдоого аракет кылышты, бирок аларга элчиликтен эч ким чыккан жок.

Уюштуруучулар бул сыяктуу пикеттерди Кремл саясатынан тажап, башка мамлекеттерге кетип калган чечендер 23-январь күнү АКШда, Канадада, Түркияда, Иорданияда да өткөрүшкөнүн билдиришти. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG