Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

АКШдагы бурганак ондон ашуун өмүрдү жалмады


Вашингтон
Вашингтон

АКШнын чыгыш тарабында жааган калың кардан жана бороондон улам 18 адам жашоо менен кош айтышты. Алардын көбү катаал аба ырайынан улам автокырсыкка кабылганын жергиликтүү агенттиктер маалымдады. Бирок CNN телеканалы өлгөндөрдүн саны 14 киши деп билдирди.

Кабарларга караганда, он штатта чукул кырдаал жарыяланды. Ишемби күнү Вашингтондо 60 сантиметрге жакын кар жаап, метро дүйшөмбүгө чейин ишин токтотту. Нью-Йорк шаарына да кар калың түшкөн. Нью-Жерси жана Делавэр штаттарында деңизден суу ташып, сел коркунучу күчөдү. Бурганакка байланыштуу Нью-Йорк, Вашингтон жана Филадельфияда төрт миңдей авиакаттам токтотулду.

Кентукки, Теннеси жана Түндүк Каролина штаттарында тайгактан улам авария көбөйүп, алты адам көз жумду.

Синоптиктер кар 24-январда токтойт деп айтышкан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG