Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Молдовада өкмөткө каршы митинг өттү


Молдова -- Кишиневдогу митинг, 24-январь, 2016.
Молдова -- Кишиневдогу митинг, 24-январь, 2016.

Жекшембиде Кишиневдун борбордук аянтына чогулган миңдеген демонстранттар өкмөттүн отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Нааразылык акциясы орусиячыл эки партия менен европачыл багыттагы антикоррупциялык кыймыл тарабынан уюштурулду. Кышкы ызгаарга, он градус суукка карабай митингге чыккандардын саны миңдеп саналды. Көз карандысыз байкоочулар борбордук аянтка чыккандар элүү миңдей болгонун айтса, полиция алардын саны 20 миңдей болгонун кабарлады.

Өлкөдө парламент 20-январда Павел Филип баштаган европачыл багытты карманган жаңы өкмөттү бекиткен соң нааразылык күч алган. Башкаруучу Демократиялык партиянын мүчөсү Павел Филипти көптөр чуулуу олиграх Влад Плахотнюктун кишиси катары кабылдап, жаңы өкмөт мурдагы өкмөттүн коррупциялык тажрыйбасын сындыра аларынан күмөн саноодо.

Бирок АКШ, ЕБ жана Молдованын жакын союздашы, ЕБ мүчөсү Румыния жаңы өкмөт менен кызматташарын билдирип, өлкөдө реформа жүргүзүүгө чакырган. Молдова бийлиги 2014-жылы Москванын катуу каршылыгына карабай Евробиримдик менен ассоциация боюнча тарыхый келишимге кол койгон.

XS
SM
MD
LG