Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Иран 100дөн ашуун учак сатып алууну көздөөдө


Иран бийлигинин маалымдоосуна караганда, Тегеран европалык аэробус үлгүсүндөгү 114 учак сатып алууну пландаштырууда. Келишимге март айында кол коюлушу белгиленүүдө. Алты ири мамлекет жана Ирандын ортосунда Тегерандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн келишимдин аткарылышына байланыштуу 16-январда Ирандан санкциялар алынган. Бул Ирандын эскирип калган учактарын жаңылоого мүмкүнчүлүк ачууда. Иран парламентинин Өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы Махди Хашеминин билдирүүсүнө караганда, Иран жакынкы үч жылда 500дөй жаңы учак сатып алат. Ирандын транспорт министри Аббас Ахунди Аэробус менен келишимдин деталдары боюнча сүйлөшүүлөр келерки жумада болорун 24-январда билдирди. Ал ошондой эле АКШнын "Боинг" учактарына да кызыгуу бар экендигин кошумчалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG