Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Самаковдун соту 27-январда уланат


Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго байланыштуу соттук отурум 27-январда уланат. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму судья Чыңгыз Адамкулов ооруп калгандыктан жылдырылган.

Самаковго жана бир катар кызмат адамдарына Чүй облусундагы 262 гектар айыл чарба жерин менчиктеп, турак жай тилкесине айландырып жиберген деген кине менен 2015-жылдын май айында кылмыш иши козголгон. Экс-депутат болсо коюлган дооматтарды четке кагып, жер тилкелерин мыйзам чегинде сатып алганын айтып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG