Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Келдибаев: Кадыралиевди бошотууга таасирдүү адамдар кызыкдар


Канжар Кадыралиевдин тарапкерлери.
Канжар Кадыралиевдин тарапкерлери.

Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери, экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевди Жогорку сот аркылуу үй камагында калтырып, андан ары биротоло актап жиберүүгө таасирдүү адамдар кийлигишип жатканын жабырлануучу Сактан Келдибаев "Азаттыкка" билдирди.

- Сотторго кийлигишип, Кадыралиевди актайсыңар деп көрсөтмө берип жаткан адамдардын ысымдары бизге жана айрым ЖК депутаттарына белгилүү болду. Муну жакынкы күндөрү, соттун чечими чыккандан кийин ачыкка чыгарабыз,- деди өзгөндүк ишкер Келдибаев.

Канжар Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган. Кийин ал качып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланып, ооруканага түшкөндө кармалган, бирок көптөгөн айлар камакта эмес, ооруканада жаткан. Өткөн жылдын 30-ноябрында Октябрь райондук соту эч жакка кетпөө шарты менен аны эркиндикке чыгарып, шаардык сот ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Кадыралиевди камоо же үй камагында калтыруу маселесин Жогорку сот 27-январда карайт. (UEz)

XS
SM
MD
LG