Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Нарында өткөн жылы 500дөй жаңы жумушчу орду түзүлгөн


Нарында былтыр чакан 79 ишкана ачылып, 510 жаңы жумушчу орун түзүлгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Эдилбаев билдирди.

Ачылган ишканаларда жылдык өндүрүштүн көлөмү болжолдуу 34 млн. сомду түзсө, алардан бюджетке түшүүчү салыктын суммасы орто эсеп менен 4 млн. 845 миң сом. Чакан ишканалардын көпчүлүгү айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө, кайра иштетүүгө багытталган жана өнөр жай тармагында иш жүргүзгөндөрү да бар. Быйыл да ушул сыяктуу 60 ишкананы ишке киргизүү пландалууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG