Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзоданын 25-январдагы маалымдоосуна караганда, Тажикстанда тыюу салынган Ансаруллах Жамаатынын лидери Амриддин Таббаров ооган күчтөрүнүн 2015-жыл июль айында өткөрүлгөн атайын операциясында өлтүрүлгөн.
Таббаров Молдо Амриддин деген ысым менен белгилүү болуп, 1992-1997-жылдардагы жарандык согуш учурунда өкмөткө каршы күрөшкөн талаа командири болгон. Ал кийин Өзбекстан ислам кыймылына кошулуп, талиптер бийликтен кулатылганда Пакистанга ооп кеткен. 2010-жылы Ооганстанга кайтып келип, Ансаруллах Жамаатын түзгөн. Тажик бийлиги бул уюмду террористик деп таап, 2012-жылы тыюу салган. Анын мүчөлөрү камакка алынган. (AiT)