Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына пикетке чыгып, БШКнын толук курамы менен кызматтан кетүүсүн талап кылат. Бул тууралуу Токтонасыров өзү кабарлады. Анын айтуусунда, Борбордук шайлоо комиссиясы эл шайлаган депутаттарды басмырлоо менен мандаттан ажыратып, ишенимден кетти.
Жогорку Сот депутаттар Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу жөнүндөгү БШКнын 11-январдагы чечимин мыйзамдуу деп тапкан. (AiT)