Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:57

Мамлекет башчысы айрым журналисттерди сыйлады


Бүгүн, 26-январда президент Алмазбек Атамбаев айрым маалымат каражаттарынын жетекчилерин кол тамгасы түшүрүлгөн саат жана Aрдак грамоталар менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президенттин кол тамгасы түшүрүлгөн сааттар Бешинчи каналдын директору Евгения Бердникова, АКИпресстин негиздөөчүсү Марат Тазабеков, “Жаңы жүздөр” гезитинин редактору Лейла Саралаева, Интерфакстын өз кабарчысы Наталья Любезнова жана КТРКнын режиссеру Жолдошбек Абдыбековго берилди. “Супер инфо” гезитинин редактору Шайиста Шатмановага прeзидент Aрдак грамота тапшырды.(UEz)

XS
SM
MD
LG