Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Аба ырайы: 27-январда жаан аралаш кар жааайт


Каракол
Каракол

Узакка созулгон жылуу, кургак аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

27-30-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлүүдө. 27-28-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт:

27-январда абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...1, күндүзү 0...5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүзү 0...5;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3...2, күндүзү 1...6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүзү -3...2;

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүзү -5...-10 градус болот.

Бишкекте 27-январда жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 3…5 градус жылуу болушу күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2 градус, күндүз 3...5 градус болот.

XS
SM
MD
LG