Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

Украина тыштан он миллиард долларлык колдоо күтүүдө


Украина быйыл сырткы булактардан 10 миллиард доллар финансылык колдоо алууга ниеттенип жатканын өлкөнүн финансы министри Наталья Яреско бүгүн өкмөт жыйынында айтканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Министр анда реформалоо программаларына ылайык, быйыл Эл аралык валюта кору жана башка булактар өлкөгө жалпысынан ушунча көлөмдөгү акча бериши күтүлүп жатканын билдирген.

"Укринформ" агенттигинин маалыматына караганда, ЭВК кийинки айда өлкөгө алтын корун толуктоо үчүн 1,7 миллиард насыя бериши керек.

Украина экономикасын калыбына келтирүү жана Орусиянын таасиринен чыгуу үчүн эл аралык насыя менен каржылык колдоого муктаж. Мындан тышкары өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилерге байланышкан абалды да жөнгө салышы керек. Президент Порошенко жикчилер ээлеп аймактар быйыл кайра колго алынарын жыл башында билдирген.

XS
SM
MD
LG