Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Роухани Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушту


Ватикан -- Рим папасы Франциск Иран президенти Хасан Роухани менен, 26-январь, 2016.
Ватикан -- Рим папасы Франциск Иран президенти Хасан Роухани менен, 26-январь, 2016.

Иран президенти Хасан Роухани Европа сапарынын алкагында бүгүн Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушуп, өз ара сүйлөштү. Бул жолугушууда тараптар бири-бирине белек тапшырды. Роухани папага узуну бир метрден кичине ашкан кочкул перс килемин берип, ал шииттердин ыйык саналган Кум шаарында колдо согулганын билдирди.

Рим папасы Франциск Иран президентине ыйык Мартиндин бир байкушту плашынын этеги менен калкалап турган сүрөтү түшүрүлгөн медал ыйгарып, мындай белек алмашуу бир туугандыктын белгиси экенин айтты.

Хасан Роухани мунун алдында Римде ишкер чөйрөнүн лидерлери менен жолугушуп жатып, "Иран аймактагы эң туруктуу жана коопсуз өлкө экенин" билдирген.

Иран президенти Италияга кечээ эки күндүк сапар менен келген. Ал алгач Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренци менен жолугушуп, тараптар жалпы суммасы 17 миллиард евродон ашкан ишкер келишимдерге жетишти.

Хасан Роухани Европадагы сапарын Италиядан кийин Францияга улантат. Бул Иран президентинин соңку жыйырма жыл ичинде Европа чөлкөмүнө жасаган алгачкы сапары. Ал Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган 16-январдан кийин мүмкүн болду.

XS
SM
MD
LG