Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Нарын: Өкмөткө нааразылар митингге чыгышты


Нарындын борбордук аянтында 200дөн ашуун адам митингге чогулду. Алар өкмөт башчысы Темир Сариевдин нарындыктар менен жолугушууга келбегенине нааразылык билдирип жатышат. Чогулгандар тоолуу аймактын жеңилдиктеринен баш тартуу менен маселе чечилбей тургандыгын, электр энергиясынын кымбаттыгы, малдын арзандыгы, ГЭСтин курулбай калышы элди митингге чыгууга аргасыз кылганын айтууда.

Буга чейин Нарын эли өкмөттүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарга каралган жеңилдиктерди алып салуу демилгесине каршы 27-январга митинг белгилешкен. Бирок 25-январда өкмөт башчы Темир Сариев чукул жыйын куруп, бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакырткан. Анда аталган долбоорго терең анализ жасалбаганы баса белгиленип, мыйзамды иштеп чыккан Социалдык өнүктүрүү министрлигине өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырган.(MiK/UEz)

XS
SM
MD
LG