Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Сох анклавында транзиттик каттамдар ачылды


Сох анклавына кирген жер
Сох анклавына кирген жер

Сох анклавында транзиттик каттамдарга кайрадан уруксат берилди. Мындай маалыматты “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн коргонуу, укук жана тартипти сактоо иштери боюнча бөлүм башчысы Адыбек Набиев билдирди.

Анын айтымында, учурда чек аралаш аймактарда абал тынч, Кыргызстан жарандары үчүн Сох аркылуу транзиттик каттамдар кайрадан ачылды.

25-26-күндөрү Сохтун жашоочулары өзбек бийлигинен Кыргызстан менен сүйлөшүп, Өзбекстандын негизги бөлүгү менен байланыштырган жол каттамын чечип, Сох-Риштон каттамын калыбына келтирип берүүнү талап кылып митингге чыгышкан.

Андан кийин Өзбекстан Кыргызстандын ичиндеги Сох анклавынын чек араларын толугу менен жапканы айтылган.

2013-жылга чейин Сох анклавы Өзбекстандын негизги бөлүгү менен Сох-Риштон жолу аркылуу байланышып турган. Үч жыл мурда Чарбак окуясынан кийин Кыргызстан Сох анклавы үчүн Кадамжай району аркылуу гана жол каттамына уруксат берген.

Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох эксклавында 60 миңдей калк жашайт. (JsA)

XS
SM
MD
LG