27-январда Францияга расмий сапар менен келген Хасан Роухани Парижде 114 аэробус сатып алуу жана Франциянын Пежо автоунаа жасоочу заводу менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн соңку бөлүмдөрүнө катышат. Пежо менен Ирандын Ходро автозаводу 2017-жылдан баштап жылына 200 миң даанадан автоунаа чыгарууну көздөп жатканын француз бийлиги кабарлады. Франциянын Тоталь компаниясы Ирандан мунай сатып алууну көбөйтмөкчү.
Хасан Роухани Иран Европа менен жакшы мамиледе болууга кызыкдар деди:
-Биз Европа Биримдиги менен, анын ичинде Франция менен жакшы мамилени каалайбыз. Менин сапарым эки тараптуу мамилени чыңдайт жана кеңейтет, бул эки мамлекетке тең пайдалуу. Жакшы тилектер менен алга карай кадам таштай алабыз.
Роухани Парижде Франция президенти Франсуа Олланд менен сүйлөшүү өткөрөт. Президент Роухани Иран Кошмо Штаттар менен да мамилесин жакшыртууга кызыкдар экенин, бирок ал үчүн Вашингтон Иранга карата “душмандык” көз карашын өзгөртүш керек деди. (AiT)