Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Эсеп палатасынын инспектору пара менен кармалды


Кыргызстандын Эсеп палатасынын инспекторун 900 доллар пара алып жаткан жеринен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү колго түшүрдү. УКМКдан кабарлашкандай, инспектор мамлекеттик мекемелердин биринин жетекчисинен 2000 доллар пара талап кылып, акчаны бербесе жумушунан кемчиликтерди таап, акт түзөрүн айтып опузалаган. Ыкчам маалыматтардын негизинде 27-январь күнү инспектор талап кылынган акчанын 900 долларын алып жатканда кармалган.

Мурдараак паранын 1100 долларын алганы аныкталган, деп билдирет атайын кызмат. Бул боючна кылмыш иши ачылып, тергөө башталды. (SE)

XS
SM
MD
LG