Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Аба ырайы: чукул эскертүү


Кыргызстандын аймагында 28-30-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан-чачын көбөйөт. 30-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болорун синоптиктер маалымдады.Тоолуу аймактардагы жолдордо кар күрткүсү, тоңголок болуу коркунучу бар. Тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу жогору.

29-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз -4...+1,

Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...+1,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...+7, күндүз -2...+3,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -4...-9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -11...-16 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт, туман түшүшү мүмкүн. Түнкүсүн -4…-6 күндүз 0…-2 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG