Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

Парламенттин Москва өкүлчүлүгүнө байланыштуу сот иши 29-январга жылды


Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуудагы мыйзам бузууларга байланыштуу мурунку спикер Акматбек Келдибековдун иши Бишкек шаардык сотунда 29-январда каралмай болду. Бүгүнкү отурумга прокуратуранын күбөлөрү келбей калгандыктан, ушундай чечим кабыл алынды. Сот буга чейин ошол кездеги парламент мүчөлөрүнүн көрсөтмөсүн уккан.

Акматбек Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан пайдалануу боюнча айыпталып, 2013-жылы камакка алынган. Өткөн жылы Биринчи Май райондук соту аны коррупция боюнча актап, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачууда кызмат абалынан пайдаланган деп, 3 миллион сом айып пул салган.

Адвокаттар өкүлчүлүктү ачуу жалпы парламенттин чечими болгонун белгилеп, аны аныктоо үчүн ошол кездеги депутаттарды күбө катары суроону, Келдибековду толук актоону талап кылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG