Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Депутаттар салык текшерүүлөрүнө убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштап жатат


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттар тобу ишкерлерге карата салык көзөмөлүнө убактылуу мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдады. Документ парламенттин расмий сайтына 27-январда жарыяланды. Анда 2016-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин ишкерлерге карата салык текшерүүлөрүн токтото туруу сунушталган. Депуттардын ишениминде, бул ишкерлердин активдүүлүгүн күчөтүп, бизнес чөйрөсүнүн ишин жандантат. Демилгечилер бул мыйзам кризистик жагдайда ишкерлерге колдоо болорун билдиришүүдө.

Бирок мыйзамда салыкты жашыруу фактылары аныкталганда кандай чара көрүү жагы жазылган эмес.

XS
SM
MD
LG